«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда 4 күнгө жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы билдирди.
Газ берүү токтотула турган аймактардын тизмеси:
— 24-28-декабрда Бишкек шаарынын Алма-Ата, ЧКК, Лермонтов, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
-24-26-декабрда Бишкек шаарынын М.Ганди, Можайского, Манас пр., Васильева көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
-24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында;
«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын авариясыз иштөөсүн камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.