ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 24-декабрь күнү саат 11:15де Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Исанов көчөсүндө жайгашкан №2/г үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1939-жылы туулган Л.Л.А. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.