Ысык-Көл районунда жеӊил унаалар кагышып, 2 адам каза болду

Автор -

Ысык-Көл районунда жеӊил унаалар кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 24-декабрь күнү саат 23:45 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол  унаа жолунун 60-чакырымындагы Чоң-Сары-Ой айылында болгон. Анда “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Бенц210” үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен  2 эркек адам каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракаттарды алышкан.

КР ӨКМнин №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү