Бишкек шаарындагы батирлердин биринен 79 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 24-декабрь күнү саат 11:15де Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Исанов көчөсүндө жайгашкан №2/г үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1939-жылы туулган Л.Л.А.  аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү