Ош шаарында каракчылыкка шектелген жаш улан-кыздар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында, Ош шаарынын А.Масалиев кѳчѳсүндѳ жайгашкан көп кабаттуу үйлѳрдүн биринде жашаган 21 жаштагы аялдын үйүнѳ бир топ эркек жана аялдар киришип, ага бычак такап коркутушуп, үйүнѳн 1500 АКШ доллар акчасын, кымбат баалуу “Айфон-6” үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, 13000 сом акчасын, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын тоноп кеткен.
Аталган факты боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергѳѳ тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп, тиешелүү аракеттер кѳрүлгѳн. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгына “каракчылык” катары катталып КР кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча иш козголгон.
Ыкчам иш аракеттердин натыйжасында 23нөн 24-декабрга караган түнү аталган кылмышка шектелип, Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 тургуну – 2 улан, 3 кыз кармалган. Алардын арасында жашы 18ге толо электер дагы бар. Кармалгандардан жабырлануучунун үйүнѳн жоголгон айрым далил буюмдар алынган.
Учурда тергѳѳ иштери жүрүүдө. Кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.