Жаңы жыл түнү коомдук транспорт түнкү саат экиге чейин иштейт

Автор -
464

Бишкек шаарында Жаңы жыл күнү коомдук унаалар түнкү саат экиге чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Коомдук унаалар шаар тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 1-январына караган түнүнө чейин түнкү саат экиге чейин иштемекчи.

Коомдук унаалардын тизмеси:

Автобус каттамдары:

— №7: Дача– Аламедин — 1;

— №9: Тынчтык конушу – Асанбай кичирайону;

— №38: 110-квартал – Асанбай кичирайону;

— №42: Ала-Тоо аянты – 12-кичирайону.

Троллейбус каттамдары:

— №2 Аламедин 1 кичирайону – Фрунзе заводу;

— №4 Эт комбинаты – Булгаары заводу;

— №7 Тунгуч кичирайону – Ак-Өргө конушу;

— №8 Ак-Өргө — Лермонтов көчөсү;

— №10 Асанбай – Фрунзе заводу;

— №14 Жогорку Жал – Киркомстром.

Кичи бустардын каттамдары:

— №222 Ак-Ордо – Алтын Ордо конуштары;

— №224 Келечек – Жеңиш конуштары;

— №254 Ак-Ордо конушу – Восток айылы;

— №166 Кызыл-Аскер – Аю-Гранд;

— №211 МТФ – Тынчтык конушу;

— №260 Арча-Бешик – Бакай Ата конуштары;

— №164 Баетов – Көк-Жар;

— 143 Маевка – Кыргызстан;

— №219 Учкун – Коммунаров;

— №240 Энесай – 110-квартал;

— №192 Ак-Ордо – Дордой 2.

Бөлүшүү