Денис Тен буйрутма менен өлтүрүлгөн болушу мүмкүн (видео)

Автор -

Быйыл июлда каза болгон көркөм муз тебүү чебери Денис Тен буйрутма менен өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Нурлан Устемиров 25-декабрда Алматыда өткөн болжолдуу соттук угуулар маалында билдирди.

Ал материалда көрсөтүлгөн далилдерди карама-каршылыктар бар экенин айтып, соттон кылмыш ишин кошумча тергөөгө жөнөтүүнү өтүндү.

«Биз анда болжол менен 14 карама-каршылыкты байкадык. Алар буйрутма кылмыш болгонун көрсөтүүдө. Ошондуктан кылмышка катышкан башка адамдарды дагы сот жоопкерчилигине тартуу керек деп эсептейбиз», — деп билдирди Устемиров.

Бирок судья Кеншилик Абдельдинов ишти тергөөгө жөнөтүүдөн баш тартып, кийинки отурумду 2019-жылдын 3-январына белгиледи.

Отурум казак тилинде ачык өтөт. Бул иш боюнча үч жаран айыпталууда — Нуралы Киясов, Арман Кудайбергенов жана Жанар Толыбаева.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Бул иш боюнча күбө катары эле 26 киши көрсөтмө берет. Андан тышкары адвокаттардын күбөлөрү дагы болот. Кылмыш ишинин өзү 39 томдон турат.

25 жаштагы Тен 2013-жылкы дүйнө биринчилигинде үчүнчү орун алган. Мындан тышкары Сочи Олимпиадасынын коло медалынын ээси, VII Кышкы Азия оюндарынын чемпиону аталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү