Алмазбек Акматов: «Көптөгөн айыл өкмөт башчылары мурдагы карыздарды төлөй албай жатышат»

Автор -
230

Бүгүн Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Акматов айыл өкмөттөрдүн башчылары карызга батып, учурда иштебей сотто жүргөнүн айтып чыкты.

«Ушу тапта айыл өкмөттөрүнүн мурдагы карыздары сот аркылуу өндүрүлүп жатыптыр. Кезинде карызды алган жетекчилердин арасында өлгөндөрү, башка жакка дайынсыз кеткендери бар экен. Кыскасы, айыл өкмөт башчыларынын соттон башы арылбай, мурдагы карыздарды төлөй албай абдан кыйналып турушат, көп айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды. Мындай абал өкүм сүрүп жаткан убакта Өкмөт четте калбай, тийиштүү чараларды көрүп, айыл өкмөттөрүнүн көйгөйүн жеӊилдетиши керек»,-деди эл өкүлү.