Жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзүп алды

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, Аламүдүн районунда  кечээ, 27-декабрь күнү саат 03:40 чамасында Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо “Гольф-3” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1 аял киши каза болгон.

КР ӨКМнин №1 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына  өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү