Бишкек: Баялинов-Орозбеков кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жол чырак иштей баштады (фото)

Автор -

Бишкек шаарындагы Баялинов жана Орозбеков кѳчѳлѳрүндѳгү жол чырак иштеп баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Орозбеков-Баялинов кѳчѳлѳрүнүн кесилишине жол чырак курууга тендер жарыяланган. Баялинов кѳчѳсү гранттык каражатка 3,5 км жол оңдолгон.

«Тендерди Vokko компаниясы жеңип чыгып, келишим түзүлгѳн. 20-декабрда объекти куруу иштери башталып, шаардык казынадан 500 миң сом каражат коротулду»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү