Ошто имиш кептерди тараткандар аныкталды

Автор -

«Совет бийлигинин тушунда топтолгон байлык ошол мезгилде төрөлгөн кишилерге бөлүнүп берилет» деп, Союз учурунда төрөлгөн адамдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсүн чогултуп жаткандар аныкталды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

— Эч жерде каттоодон өтпөгөн фонд түзүп алышыптыр. Документтерин да көрсөтө алышкан жок. Аларга иш козголушу мүмкүн. Мурда Ош технологиялык университети тарапта иштеп жатышса, азыр «Рамазан» соода борборунун ичинде иштеп жатышыптыр. Булар эч кимден акча алышпайт экен. Азыр тергөө жүрүп жатат. Ал эми таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, — деди Сыдыков.

Былтыр жыл аягында “СССРдин убагында төрөлгөн жарандарга акча каражаты төлөнөт экен” деген имиштерге ишенип бир нече адам Оштогу Ош технологиялык университетинин башкы имаратына документтеринин көчүрмөлөрүн жана өзүнүн сүрөттөрүн көтөрүп алып барышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул жалган маалымат экенин билдирип, жарандарды өздүк документтеринин көчүрмөлөрүн бейтааныш адамдарга же “фирманын, мекеменин өкүлдөрүбүз” деп келген адамдарга бербөөгө чакырды.