Бишкек шаарында жайгашкан эмерек салону күйүп кетти

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектеги Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан 150 чарчы метр аянтты ээлеген эмерек салон толугу менен күйүп кетти. Өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.