Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Бакиров Орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов футболкачан келгенин сынга алынды.
«Бул жер базарбы? Жыйынга чакырылгандардын кийими эмне себептен көзөмөлдөнбөйт? Аппарат эмнени карап отурасыңар? Сиз жыйынга катышуу үчүн тизмеде да жок экенсиз, кете берсеңиз болот», — деди Бакиров.
Тынысов жыйынга келери тууралуу эртең менен гана билгенин жана жетекчиси ооруп калгандыктан келгенин айтты.