14-январдан бери Өзбекстанда Facebook, YouTube жана Вконтакте социалдык түйүндөрүнүн иши жанданды.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, буга чейин Өзбекстанда тыюу салынган популярдуу мессенжерлер менен видеохостинг VPN-тиркемесиз жана прокси-серверлерсиз иштеп жатат.
Социалдык түйүндөргө ээн-эркин кирүүгө мүмкүн болуп жатканын өлкөдөгү бардык интернет-провайдерлердин колдонуучулары тастыктады.
Өзбекстанда Facebook социалдык түйүнү 2018-жылы сентябрдан тарта ачылбай, көйгөй жарата баштаган. Кийинчерээк YouTube видеохостингине кирүү дагы мүмкүн болбой калган.
20-22-январда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Германияга барат. Интернет колдонуучулар бул багыттагы өзгөрүүлөрдү дал ушул сапар менен байланыштырышууда.