Депутат: Бейтааныш кызга барып, кытайга тийбе деп кантип айта аласыӊ? Сүйсө тиетта

Автор -

«Сүйсө тиетта! Бейтааныш кызга барып, кытайга же башка бирөөгө тийбе деп кантип айта аласыӊ»,-деп билдирди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 17-январда Жогорку Кеӊештин жыйынында.

«Өкмөткө жакшы маалыматтык бөлүм керек. Анткени, интернетте көптөгөн ушактар, тура эмес маалыматта жүрөт. Азыр биз маалыматтык согушта утушубуз керек. 60 кыз кытайлык жигиттерге тийди деген маалыматты ар бир кызга таратыш керек. Бейтааныш кызга барып, кытайга же башка бирөөгө тийбе деп кантип  айта аласыӊ? Сүйсө тиетта. Бул деген адамдын укугун тебелөөгө жатат. Бул талап мыйзамсыз»,-деп билдирди Бекешев.

ЖКда миграциялык саясат маселелери боюнча талкуу болуп жатат.