Жогорку Кеӊеште миграциялык саясат маселелери боюнча жана сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулууда. Жыйынга вице-премьерлер Жеӊиш Разаков менен Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.
Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков КР Президентинин 2012-жылдагы Жарлыгына ылайык, 5 жыл аралыгында сот реформасына байланыштуу бир катар ири ченемдик-укук актыларын иштеп чыгуу, анын алкагында 31 иш-чараны уюштуруу тапшырмасы берилгенин, алар толугу менен аткарылганын билдирди.
“Президенттин Жарлыгына ылайык, жумушчу топтору тарабынан жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам даярдалып, алар 2019-жылдан тарта ишке киргизилди. Иш-чараларды даярдоого бюджеттен 300 млн сом каралган. Ал каражатка оргтехникалар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ошондой эле, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан өткөрүлдү”, — деди ал.
Андан тышкары, азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду.
Жыйын жүрүшүндө Өкмөттүн миграциялык саясат маселелери боюнча даярдыгы жок болгондуктан, ал маселе боюнча маалыматты саат 14:00 угуу чечими кабыл алынды.