Бишкек шаарындагы митингде 21 киши кармалды

Автор -

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингден милиция 21 кишини кармап кетти. Алар сурак берип жатканын, протокол түзүлгөндөн кийин бошотуларын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

17-январдагы митингди жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөрүштү. Түшкө жакын башталган митингге күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңдей киши келгенин айтууда.

Акцияга чыккандарды таратуу учурунда милиция кызматкерлери бир канча жаранды кармап кетишти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов алар митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар экенин айтты.

Митинг кечки саат бешке жакын тарады.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы кысым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

Бөлүшүү