Денис Тенди өлтүргөндөр 18 жылга соттолду

Автор -

Алматынын район аралык соту белгилүү көркөм муз тебүүчү Денис Тенди өлтүрүүгө айыпталган Арман Кудайбергенов менен Нуралы Киясовду 18 жылга эркинен ажыратты.

Буга чейин прокурор айыпталуучуларды 20 жылга соттоону сураган. Алардын шериги, 23 жаштагы Жанар Толыбаева кылмыш жөнүндө полицияга билдирбегени үчүн 4 жылга кесилди.

Буга чейин соттолуучулар жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп, Денис Тендин туугандарынан кечирим сурашкан. Алар автоунааны карактоону гана пландашканын, кимдир бирөөнү өлтүрүү ниеттери болбогонун билдиришкен.

Тен былтыр 19-июлда бычак жегенден кийин Алматы ооруканасында кансырап каза тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кол салгандар анын машинесинин күзгүсүн уурдоого аракеттенишкен. Ортодо чыккан мушташта спортчуга бычак сайылган. Полиция шектүү эки жигитти жана аларга көмөктөшкөн жаш аялды көп узабай кармаган.

Тен 5 жолу Казакстандын чемпиону болуп, Сочи Олимпиадасында коло медаль алган.

Бөлүшүү