Бишкек шаарында 21-январь күнү саат 00:35 чамаларында 7-апрель жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz” жана “Toyota Avensis” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял киши каза болгон, айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э жабыркашкан.
Белгилей кетсек, каза болгон А.М.Б. аттуу аял ӨКМнын кызматкери экендиги айтылууда. Ал эми Mercedes-Benz унаасында рулда отурган милиция кызматкери Октябрь РИИБинин кызматкери экени айтылды.