Бишкектеги 5 адам жабыркаган жол кырсыгынын видеосу тарады (Видео +18)

Автор -
248

Бишкек шаарында 21-январь күнү саат 00:35 чамаларында 7-апрель жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz” жана “Toyota Avensis”  үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis  унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял киши каза болгон, айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э  жабыркашкан.

Белгилей кетсек, каза болгон А.М.Б. аттуу аял ӨКМнын кызматкери экендиги айтылууда. Ал эми Mercedes-Benz унаасында рулда отурган милиция кызматкери Октябрь РИИБинин кызматкери экени айтылды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү