Кечээ, 21-январда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Жогорку жана Улуттук Лиганын айымдар арасындагы кошуундар ортосунда Кыргыз Республикасынын XI чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Быйыл чемпиондук үчүн алты кошуун күч сынашат:
- Дордой;
- Умай Эне;
- Салам Алик;
- Улар;
- Алай Датка
- Билим.
Салтанаттуу ачылыш аземинде төмөнкү спортчуларга КР спорт чеберинин күбөлүгү тапшырылды:
Еволенко Анастасия;
Шумкарбекова Алия;
Мирлан кызы Мадина;
Абдыкадыр кызы Айдана;
Самат Кызы Алтынай.
Ошондой эле волейбол федерациясы 2018-жылдын жыйынтыгы менен мыкты оюнчуларга сыйлыктарын тапшырды. Классикалык волейбол боюнча айымдар арасында Нургиза Масимова, ал эми эркекетер арасында Дамир Газинур уулу мыкты оюнчу болгон. Кум үстүндө ойнолуучу волейболдо Юлия Сушкова жана Өмүрбек Жунусовдор 2018-жылдын мыкты оюнчулары аталган.
Кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты үч айлампада өтүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат. Экинчи айлампа 18-марттан 24 мартка чейин, ал эми үчүнчү айлампа 13-майдан 19-майга чейин өтмөкчү.
Үч айлампанын жыйынтыгы менен I, II, III орунду ээлеген кошуундар менен оюнчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги медаль жана диплому менен сыйланат.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан волейбол федерациясы менен биргеликте өткөрүлүүдө. Дирекциянын бюджетинен 21 миң сом каралган.