Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБдеги тендерге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айыпталуучулар 6 жылдан 7 жарым жылга чейин эркинен ажыратылышты.
««Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоевге жети жыл алты ай, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязовго жети жыл, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбековго жети жыл, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Канат Деркенбаев алты жылга эркинен ажыратылды»,-деп айтылат маалыматта.