Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы депутат Алмазбек Баатырбеков Кыргызстандын футбол курама командасы Азия кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтүп жалпы Кыргызстан элине майрам тартуулаганына токтолду.
Депутат Кыргызстан футбол федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушкандыгын айтып, футболду өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарынын тегерегинен футбол талаасы үчүн жер бөлдүрүү өтүнүчү айтылгандыгын маалымдады.
Ошону менен катар курама команданын машыктыруучусу А.Крестинин дагы футболду өнүктүрүү үчүн заманбап стадион керектигин айтып жатканын, ишкер Аскар Салымбеков дагы бийлик өкүлдөрүнөн жер сурап, стадион курууга ишкерлер өз салымдарын кошот эле деп журналисттерге маек кургандыгын баса белгиледи.
«Келгиле, футболчуларыбызды колдоону ушинтип билдирели, реалдуу кадамдарды жасайлы. Кыргызстанда футболдун мындан ары дагы өнүгүшү үчүн стадион курууга жер бөлдүрүп берели»,— дейт депутат.
Автоунаалардын айнектерин караӊгылатып алуу маселеси боюнча КР Өкмөтү көз карашын билдириши керек. Мындай билдирүү менен чыккан депутат Дастан Бекешев караӊгылатууга акы төлөө аркылуу уруксат берүү менен жылына бюджетке 10 миллион сом каражат түшөрү айрым эсептөөлөр боюнча белгилүү болгонун айтып чыкты.
«Муну менен, маселен, биз футболго колдоо көрсөткөн болобуз»,- дейт депутат.