Момбеков: Транспорт министрлиги азыр «мина» министрлиги болуп калган

Автор -

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков  Транспорт министрлигин Сирияга салыштырды.

«Мен сиз бара турган кызмат ордун душманыма да каалабайм. Сиз бара турган тармак эӊ коррупциялуу тармак. Транспорт министрлиги азыр «мина» министрлиги болуп калган. Ал жактагы абал Сириядагыдай. Акыркы 10 жылдан бери Транспорт министрлиги чөгүп баратат. Ал жакта сиз Сирияда жүргөндөй эле миналардын үстүндө жүрөсүз. Же алар сизди алып кетет же сиз коррупцияны жеӊесиз»,-деп билдирди Момбеков.