ЖКда Киев көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин атын берүү сунушталды

Автор -

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу керек экенин айтты.

“Турдакун Усубалиев Кыргыз мамлекетин узак убакытка башкарган жетекчи катары тарыхта калган. Ал жетектеген учурда өлкө аймагында бир топ ири  курулуштар ишке ашкан. Борбордук Ала-Тоо аянты, Тарых музейи, Жогорку Кеңештин имараты да Усубалиевдин аракети менен курулган. Кыргызстан ошол учурда Совет өлкөлөрүнүн ичинен мыкты экономикалык көрсөткүчкө жеткен”,-деди депутат Чыныбай Турсунбеков.

Андан тышкары депутат Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө да мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу керек экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Киев көчөсүнө улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун атын берүү сунушу айтылган.