Депутат ысытылган тамеки менен маӊзат камтылган суюктуктарга акциз киргизүү демилгесин көтөрүүдө

Автор -

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети депутат Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген 2019-2012-жылдар аралыгында ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктарга акция киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Демилгечинин айтымында, акыркы мезгилде өлкө аймагына ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйдү. Ошондон улам, мындай заттарга акция киргизүү зарылдыгы бар.

«Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, акциз 2019-жылдын июль айынан тара киргизилүүгө тийиш. Тилекке каршы, Салык кызматында да, Бажы кызматында да өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат жок», — деди ал.

Бөлүшүү