Сокулукта 24 жаштагы милиция кызматкери окуучу баланы сүзүп кетти

Автор -

Сокулук районунун Новопавловка айылында «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, милиция кызматкери 11 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-январь күнү болжол менен саат 07:10дө «Ауди-А6» үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы А.К. аттуу айдоочусу Сокулук районунун Новопавловка айылынан 11 жашар баланы сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам бала көз жумган.

«Учурда айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулду. Окуя боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле Чүй ОИИББи ички иликтөө ишин баштады», — деп айтылат маалыматта

Милиция кызматкерине карата 297-берененин (авто транспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, 11 жаштагы бала, эгиздин түгөйү болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү