Бишкек шаарында кыргыз айым-режиссерлорунун III кинофоруму өтөт. Бул тууралуу “Азия чыгармачыл айымдар” фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумга айымдар тарткан кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар алынат.
«Кинофорум эки күнгө созулуп, биринчи күнү коомдук ишмерлер менен режиссерлордун жолугушуусу болот. Эртеси режиссер аялдардын тасмалары көрсөтүлүп, талкууланат. Кыргызстан Айым — Режиссерлорунун I кинофоруму 2016-жылы уюштурулган. Ал эми экинчиси 2017-жылы 22-23-декабрда болгон»,-деп айтылат маалыматта.
Форумдун максаты — чыгармачылык менен алектенген аялдарга көмөктөшүү, алардын эмгегин коомго алып чыгуу. Ошондой эле ал аялдардын укугуна, гендердик маселелерге көңүл бурууну көздөйт.
Аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, ишкер Эмир Сарпашевдин жана былтыркы жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өтүп келген.
Бул жылы III кинофорум март айында өтөт. Катышуучулардын арыздары 1-февралга чейин кабыл алынат.