Кыргыз-кытай чек арасы 8 күнгө жабылат

Автор -

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага убактылуу жабылат. Бул чечим кошуна өлкөнүн макулдугу менен кабыл алынганы Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы таркаткан кабарда айтылат.

Маалыматка ылайык, Кытай тарап Жаз майрамын белгилегенине байланыштуу чек арадагы «Торугарт-автодорожный» жана «Иркештам-автодорожный» өткөрмө пункттары 2-февралдан 10-февралга чейин убактылуу жабылат.

«Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүк ташуучу транспортторду өткөрүү иши ушул жылдын 11-февралынан тарта уланат»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү