Бишкек шаарынын айрым конуштарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Автор -

Бүгүн, 31-январда Бишкек шаарынын айрым конуштарында жана көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан маалымдашты.

Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

—   9:00—  17:00—Бөкөнбаев, 1, Герцен, 1, 3, 6, 9, Сүйүмбаев, 2, 4, 6, 8, Орто-Сай айылы (Рысмендеев көчөсүндө), Бектенов, Ахунбаев, Широкий, Керамический, Тыныстанов, Сеченов, Щусев, Щербаков, Балхаш, Предгорный, Перекопский, «Келечек» конушу (9-11 жана 15-көчөлөрдө);

—   9:30—  17:00— Юнусалиев, Жантөшев, Логвиненко, Панфилов, Токтогул, Арча-Бешик конушу, Шералиев, Эркин-Тоо, Шабдан Баатыр көчөлөрүндө;

—   9:30—  18:00— Тоголок Молдо, Ананьев, Васильев, Бейшеналиев, Чокморов, Жаш Гвардия бульвары, Москва көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

«Электр жарыгы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү