Мирзиёев Ислам Каримовдун туулган күнүнө карата Самаркандда аш таратты

Автор -

30-январда Өзбекстандын бардык аймактарында, өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун туулган күнүнө байланыштуу эскерүү иш чаралары өттү.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун Ташкенттеги эстелигине гүл койду.

Өзбек лидеринин 2017-жылдын 25-январындагы токтомуна ылайык, тунгуч президенттин туулган күнү өлкөдө кеңири белгиленет.

Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун кичи мекени – Самарканд шаарына да барды. Каримовдун күмбөзүнөн алыс эмес жайгашкан «Хазрати Хизр» мемориалдык комплексинде ага арнап куран окуду. Андан соң Самарканд шаарында элге аш таркатылды.Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишкерлер, аксакалдар, жаштар катышты.

30-январда Ислам Каримов 81 жашка чыкмак. Өзбекстандын тунгуч президенти 2016-жылы 78 жашында жүрөк оорусунан дүйнө салган.

Бөлүшүү