Кыргызстан «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Азия балдары» спорттук кышкы оюндары 2019-жылдын 8-февралынан 17-февралына чейин уланат.
Южно-Сахалинск шаарында (Россия Федерациясы) өтө турган I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын курамы бекитилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын спорттук делегацисынын мүчөлөрүн иш сапарга жөнөтүү Мамагенттиктин бюджетинен каржыланат.
Спорттук делегацисынын мүчөлөрү:
- Ислам Тургунбаев – биатлон;
- Муса Рахманберди уулу – биатлон;
- Александр Левданский – биатлон боюнча машыктыруучу;
- Алекс Нам – музда көркөм тебүү;
- Ева Яковлева – музда көркөм тебүү;
- Владимир Битнер – музда көркөм тебүү боюнча машыктыруучу;
- Кубатбек Юсупов – тоо лыжасы;
- Виолетта Коростелеева – тоо лыжасы;
- Эрлан Станбеков – тоо лыжасы;
- Иван Борисов – тоо лыжасы боюнча машыктыруучу;
- Наргиза Бакеева – делегациянын жетекчиси.
Маалымат үчүн:
I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарынын максаттары Олимпиадалык кыймылдын идеяларын жайылтуу жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү. I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарынын жүрүшүндө 8 спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт: хоккей; шорт-трек; музда көркөм тебүү; сноуборд; биатлон; тоо лыжасы; лыжа менен жарышуу; трамплинден лыжа менен секирүү. Катышуучулардын жаш курагы – 16 жашка чейинкилер (17.02.2002 жылы жана андан кийин төрөлгөндөр).