Кыргызстандык спортчулар «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарына катышат

Автор -
461

Кыргызстан «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарына катышат. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Азия балдары» спорттук кышкы оюндары 2019-жылдын 8-февралынан 17-февралына чейин уланат.

Южно-Сахалинск шаарында (Россия Федерациясы) өтө турган I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын курамы бекитилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын спорттук делегацисынын мүчөлөрүн иш сапарга жөнөтүү Мамагенттиктин бюджетинен каржыланат.

Спорттук делегацисынын мүчөлөрү:

  1. Ислам Тургунбаев – биатлон;
  2. Муса Рахманберди уулу – биатлон;
  3. Александр Левданский – биатлон боюнча машыктыруучу;
  4. Алекс Нам – музда көркөм тебүү;
  5. Ева Яковлева – музда көркөм тебүү;
  6. Владимир Битнер – музда көркөм тебүү боюнча машыктыруучу;
  7. Кубатбек Юсупов – тоо лыжасы;
  8. Виолетта Коростелеева – тоо лыжасы;
  9. Эрлан Станбеков – тоо лыжасы;
  10. Иван Борисов – тоо лыжасы боюнча машыктыруучу;
  11. Наргиза Бакеева – делегациянын жетекчиси.

Маалымат үчүн:

I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарынын максаттары Олимпиадалык кыймылдын идеяларын жайылтуу жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү. I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарынын жүрүшүндө 8 спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт: хоккей; шорт-трек; музда көркөм тебүү; сноуборд; биатлон; тоо лыжасы; лыжа менен жарышуу; трамплинден лыжа менен секирүү. Катышуучулардын жаш курагы – 16 жашка чейинкилер (17.02.2002 жылы жана андан кийин төрөлгөндөр).

Бөлүшүү