Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

«Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамдын максаты мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу артыкчылыкка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү