Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -
277

Жалал-Абад облусунда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, шектүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалап чыгарып берүү үчүн акча талап кылган.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына А.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган«,-деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 1-февралында оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында Шамалды-Сай шаарында 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси К.Т кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Бөлүшүү