«Алыш» бел боо күрөшү боюнча чемпионатын өткөрүү убактысы өзгөртүлдү

Автор -

«Эркектер жана аялдар арасында «Алыш» бел боо эркин жана классикалык стилиндеги күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатын өткөрүү убактысы  10-11-февралына жылдырылды»,-деп билдирди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, мелдеш Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт (Бишкек шаары). Иш-чарага Кыргыз Республикасынын облустарынан, Бишкек жана Ош шаарынан 300 жакын спортчулардын катышусуу күтүлүүдө.

КР Чемпионаты 18 жана андан жогорку жаштагы спортчулардын арасында төмөнкү салмактар чегинде өтөт:

– эркектер (эркин жана классикалык стилде):  60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

– аялдар (эркин жана классикалык стилде):  55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Байгелүү орундарды ээлеген спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланышат.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө «Кыргыз Республикасынын «Алыш» бел боо күрөшү  боюнча спорт чебери»  наамы ыйгарылат.

Мелдештин уюштуруучулары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы,

«Алыш» бел боо Улуттук федерациясы. Иш-чараны уюштурууга Дирекциядан 204 миң сом каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү