Ташкент Рогун ГЭСинин курулушуна катышуу мүмкүндүгүн караштырууда

Автор -
236

Өзбекстан Тажикстан менен Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна катышуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу «Өзбекэнерго» компаниясынын башкармалыгынын төрага орун басары Руслан Мубаракшин билдирди.

«Курулуш боюнча маселелер каралып жатат. ГЭСтердин курулушуна катышуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандан сунуштар болгон. Биз алар менен жигердүү иштешип жатабыз, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек», — деди Мубаракшин.

Өзбекстандын Рогун ГЭСинин курулушуна катышуу ыктымалдыгы тууралуу былтыр мартта Душанбеде өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкө президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылган.

Рогун ГЭСинин плотинасын куруу иштери расмий турдө 2016-жылы октябрда, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин башталган. Кезинде Каримов ГЭСтин курулушуна каршылык билдирип, плотина Өзбекстан талааларына келген суунун көлөмүн азайта турганын айтып келген.

Өзбекстан ошондой эле Кыргызстандагы «Кабар-Ата 1» ГЭСин куруу боюнча кызматташуу ыктылдыгын караштырууда. Бул маселе эки өлкө лидерлеринин 2017-жылдагы жолугушуусунун күн тартибинде болгон. ГЭСти куруу иштери 2015-жылы Орусиянын «РусГидро» компаниясы менен келишим бузулгандан кийин токтоп калган.

Бөлүшүү