Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова табып Хашим Зайналиевдин мыйзамсыз иштерине токтолду.
«Хашим Зайналиев лицензиясы жок экенин карабай өз ишин улантып келүүдө. Бир нече кишини өлтүрүп алып, лицензиясы жок ал эркиндикте эмне кылып жүрөт?»,-деп суроо салды депутат Айсулуу Мамашова.
«Анын лицензиясы жок. Биз тергөө органдарына бардык документтерди өткөрүп бергенбиз. Бирок ал соттон чыгып кетти. Учурда анын жасап жаткан иштери мыйзамсыз»,-деп жооп берди Космосбек Чолпонбаев.
Белгилей кетсек, табып Хашим Зайналиев сот залынан бошотулуп, өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилген.
Табыпка карата арыздар 2016-жылдан бери келип түшүүдө. Зайналиевдин дарылоочу жайында 2016-жылы псориаз оорусу менен жабыркап кайрылган 6 жаштагы бала, кийин 56 жаштагы А.Г.А. аттуу аялдын каза болгону айтылган.