Дональд Трамп өлкөдөгү абал тууралуу Конгрессте кайрылуу жасады (Видео)

Автор -

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстин Сенат жана Өкүлдөр палатасынын биргелешкен жыйынында «Өлкөдөгү абал тууралуу» кайрылуусун жасады. Бул анын мамлекет башчылыгына келгенден берки экинчи кайрылуусу.

Президент алгач ал башкарган эки жыл ичиндеги экономикалык жетишкендиктерге токтолду. Трамп бул жылдары акыркы он жылдыктагыга караганда эки эсе өсүү болуп, жумуш орундары түзүлүп, бул акыркы 50 жылдан берки жумушсуздук деңгээлинин эң төмөнкү чегине жетишкенин белгиледи.

Трамптын кайрылуусунун көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз миграцияга бурулду. Ал Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү түзгөн демократтарды биримдикке чакырып, Мексика менен чек арага дубал тургузуу зарыл экенин дагы бир жолу белгиледи.

АКШнын кыска жана орто аралыкка учкан өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн макулдашуудан чыгып жатканы тууралуу айткан Трамп бул үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөп, Москваны көптөгөн жылдардан бери келишимди бузууга айыптады. Ал Кытайдын катышуусунда жаңы келишим түзүү ыктымалдыгын ачык бойдон калтырды. Трамп эгер андай келишим болбосо, анда жаңы курал-жарак менен инновацияларга жумшалган чыгымдар боюнча АКШ бардык өлкөлөрдөн алдыга чыга турганын эскертти.

Дональд Трамп анын Түндүк Кореянын лидери менен болгон сүйлөшүүлөрү согуштун алдын алууга жардам бергенин айтты. Ал Ким Чен Ын менен кийинки жолугушуусу 27-28-февралдарда Вьетнамда өтө турганын кошумчалады.

Алгач президент Конгресстин алдында 29-январда кайрылуу жасашы керек болчу. Бирок өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп турганынан байланыштуу (шатдаун) кийинкиге жылдырылган.

АКШнын президенти Конституцияга ылайык жыл сайын Конгресске кайрылуу жасап турушу керек. Алгачкылардан болуп мындай кайрылууну 1790-жылы өлкөнүн биринчи президенти Жорж Вашингтон жасаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү