Жаӊыча иштөөгө чакыруу керек. Жанар Акаев Өкмөт башчынын ишин сынга алды

Автор -

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев Өкмөт башчынын ишин сындады.

«Өнүккөн өлкөлөр мамлекеттик ишканалардан качып жаткан кезде Өкмөт башчы жаӊы ишкана ачууну пландап жатат. «Кыргызтуризмдин» бюждети 50 млн сом экен. Бизде бюджет тартыш убакта жаӊы ишкана ачуусу туура эмес. Же өкмөт башчынын курсташтарына жаӊы жумуш орундары керек болуп жатабы. Мен түшүнбөй турам. Бул кишини жаӊыча иштөөгө чакыруу керек же Өзбекстан менен Арменияга иш сапарга жиберели. Ал жактагы жаӊылыктарды көрүп келсин. Бизге чакан, ыкчам иштей турган өкмөт керек. Өкмөт башчы туризмге жаӊы кадамдарды, жаӊы көз караштарды алып келе албайт экен»,— деп билдирди Жанар Акаев.

Бөлүшүү