Бишкек шаарында павильондон өрт чыгып, 2 адам каза болду

Автор -

Бишкек шаарында кароосуз калган павильондон өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Скрябина жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган павильондон өрт чыккан. Ал жерде темир тосмолор болгондуктан, өрт өчүрүүчүлөрдүн кирүүсүнө тоскоолдук жараткан.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын  куткаруучулары жерине барышып, павильондун темир тосмолорун ачып беришкен.

Өрт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон. Маркумдардын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Бөлүшүү