Ош шаарында 2 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат

Автор -

Авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирди.

Газ берүү өчүрүлүүчү аймактар:

7-февралда

— 10:00-15:00 чейин Монуев, Памирская, Фуркат, Маруфий, Бакинская көчөлөрүндө;

8-февралда

— 9:00-17:00 чейин Туран к/р, Ишматов, Шаумян, Толонов, Крылов, Физкультурная көчөлөрүндө.

«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү