Тажикстанда адам сатуунун курмандыктары көбөйүүдө

Автор -
345

2017-жылы Тажикстандын 86 жараны адам сатуунун курмандыгы болуп, башка өлкөлөрдө мажбурлап иштетилген. Бул тууралуу 6-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан билдиришти.

«Ошол эле жылы Тажикстандын 60 жараны араб өлкөлөрүндө, Түркияда, Орусияда жана Казакстанда сексуалдык кулчулукта болушкан. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан 2016-жылга чейин адам сатуу учурлары азайган. Бирок 2017-жылдан тарта кайрадан кескин көбөйүп кеткен», — деди уюмдун аталган башкармалыгынын Борбор Азия боюнча менеджери Кун Маркверинг.

Эксперттер адам сатуу учурларынын көбөйүшү экономикалык көйгөйлөргө, анын ичинде жумушсуздукка байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, адам сатуунун курмандыгы болгондордун көбүн башка өлкөлөргө жумуш издеп кеткендер түзөт.

Тажикстандын мыйзамдарында адам сатуу кылмышы үчүн катаал жазалар каралган. Былтыр ноябрдын аягында Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Икром Умарзода адам сатуунун алдын алуу жана аларга жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда ал бул кылмышка көбүнчө аялдар бара турганын билдирген.

«Өткөн жылдын 10 айында адам сатууга тиешеси бар деген шек менен 49 киши кармалса, алардын беши эркек, калганы аялдар болгон. Көбүнчө аялдар менен балдар адам сатуунун курмандыгы болуп калышат. Алсак, быйыл 46 киши адам сатуунун курмандыгы болсо, алардын 36сы аялдар, 10ну балдар болгон», — деп билдирген ал.

Былтыр жайында жарыяланган Глобалдык кулчулук индексинде Тажикстан 75-орунга жайгашкан.

Бөлүшүү