Кыргызстандык оор атлетчилер эл аралык мелдешке катышат

Автор -

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык КР оор атлетика  боюнча улуттук курама кошуундун мүчөлөрү “Egat Cup” эл аралык лицензиялык мелдешине катышат. Мелдеш 7-февралдан 10-февралга чейин Тайланддагы  Чиангмай шаарында өтөт.

Улуттук курама кошуундун мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 452 миң сом каралган.

Иззат Артыков 7-февралда ал эми Бекдөөлөт Расулбеков 9-февралда өз бактысын сынамакчы. Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн ар бир спортчу бир олимпиадалык циклда алты эл аралык мелдешке катышып лицензияга упайларды чогултуусу керек. Дүйнөлүк рейтинг боюнча ар бир салмактык категориянын алдыңкы 14 орунун ээлеген спортчуга Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилет.

Бекдөөлөт Расулбеков өткөн жылдын декабрь айында Катарда өткөн квалификациялык мелдешке катышкан. Анда ал бешинчи орунду камсыз кылуу менен алгачкы упайларын топтогон. Ал эми Иззат Артыков үчүн Чиангмай (Тайланд) шаарындагы мелдеш алгачкы болмокчу.

Мелдешке Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:

 

 

ААА

Туулган жылы Спорттук наамы Салмак категориясы
1 Расулбеков Бекдөөлөт 1996 СЧ 96 кг
2 Артыков Иззат 1993 ЭДСЧ 67 кг
3 Молдодосов Өмүржан Ага машыктыруучу

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү