Бишкек шаарында кумар оюндарын ойноочу көмүскө жай табылды (Видео)

Автор -

Бишкек шаарында жайгашкан имараттардын биринен белгисиз жактардын тобу уюштурган кумар оюндарын ойноочу жабдыктарды жана компьютердик тармактарды колдонуу аркылуу кумар оюндарынын көмүскө жайы табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көмүскө жайга өздөрүнүн гана тааныштарын киргизип, купуялуулукту сактап келишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүмү (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) менен сотко чейинки иликтөөнү баштаган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзүшкөндүгү аныкталган жана компьютерлердин жанында 7 оюнчу бар болгон.

Аларды текшерүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 30-40 жаштардагы жашоочулары болуп чыккан. Ал эми кумар оюндарын ойноочу мекеменин администратору Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган К.С. аттуу жашоочусу болгон. Ал мурда кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү беренеси менен жоопкерчиликке тартылган. Имараттын ичинен 10 компьютер, кассадан 6 500 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары 4 даана ак жана кара түстөгү бет кап, оюнчук тапанча, бир нече бычактар табылган.

Алынган маалыматтар боюнча аталган имарат Жалал-Абад облусунун 1955-жылы туулган З.А. атуу жашоочусуна аялга таандык.

Ошол эле күнү мекеменин администратору сурак берүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.

«Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү