Азизбек Замирбек уулу пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Автор -

Кыргызстандык спортчу Азизбек Замирбек уулу пауэрлифтинг боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды.   Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы Азизбек Замирбек уулу өспүрүмдөр арасында 54 килограммга чейинки салмактык бөлүктө күч сынашты. Биринчи аракетинде ал 70 килограмм келген оордукту көтөрдү. Экинчи жолкусунда ал 75 килограмм салмакты көтөргөнү менен калыстар анын аракетин жокко чыгарышты. Спортчу бул салмакты акыркы аракетинде багындырды.

Жыйынтыктоочу көрсөткүчтөр боюнча кыргызстандык спортчу коло медалды Бириккен Араб Эмираттанын өкүлү Албалуши Осамага тарттырып жиберди (80 кг). Алтын медалды бразилиялык Крузато Маркос Габриэль тагынды (98 кг).

Мелдеш 12 февралга чейин созулат. Азизбектен тышкары аталган мелдешке Кыргызстандын атынан Максат Аргымбаев (80 кг), Адилет Камчыбеков (97 кг) жана Жыргалбек Оросбаев (107 кг) катышууда.

Дубай шаарында (БАЭ) өтүп жаткан мелдешке 39 мамлекеттен 209 спортчу катышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү