Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды

Автор -

УКМК ушул жылдын 29-январында терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш чаралардын негизинде, КР жараны М.Х. кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам КР кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

«Ал 2015-жылы “джихад” идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү