Хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын экинчи туру өттү

Автор -

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 8-9-февралда Бишкек шаарында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын экинчи туру болуп өттү. Чемпионатта тогуз кошуун күч сынашууда. Алар эки топко бөлүнгөн:

А тобу

Нарын Шумкарлары (Нарын ш.)

Дордой (Нарын ш.)

Жумгал (Чаек а.)

Ат-башы (Ат-башы а.)

 В тобу

Арстан (Бишкек ш.)

КТЖ (г.Бишкек)

Кеңеш учкучтары (Кенеш а.)

Долон (Долон а.)

Чолпон-Ата (Чолпон-Ата ш.)

Чемпионат үч тур менен өтөт. Алгачкы эки турдун жыйынтыгы менен өз топторунда биринчи экинчи орунду ээлеген кошуундар үчүнчү турда ойноого мүмкүнчүлүк алат. Чемпионаттын үчүнчү турун өткөрүү апрель айына пландаштырылган.

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы менен өлкөнүн хоккей федерациясы биргеликте өткөрүүдө. Дирекциянын бюджетинен 162 миң сом каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү