Ташкенттин борборундагы 130 жыл мурда курулган үйлөр бузулат

Автор -

Ташкенттин борборундагы эски үйлөр бузулат. Алардын айрымдары 1891-жылы курулган.

Үйлөрдү бузууга каршы болуп жаткан жергиликтүү тургундардын айтымдарында, «Muhandis-Konsulting» аттуу жеке компаниянын өкүлдөрү ал жерге көп кабаттуу заманбап үйлөр курулуп, аларга андагы жаңы батирлер бериле турганын айтышкан. Бирок компания өкүлдөрү жергиликтүү акимчиликтин аталган үйлөрдү бузууга берген уруксат кагазын көрсөтө алышкан эмес.

«Бул райондогу үйлөр баары бир 2025-жылы бузулат. Алар авариялык абалда, моралдык жактан эскирип бүткөн. Түнкүсүн мында мышыктар, келемиштер көп жүрөт. Эгер буларды жеке компаниялар түрттүрбөсө, бийлик баары бир бузат. Бул райондогу 1 чарчы метр турак-жайдын шаар тарабынан сунушталган баасы 250 долларды түзөт», — деп билдирди аталган компаниянын өкүлү.

Кезинде бул үйлөр падышалык Орусиянын аскерлери үчүн аткана жана казарма катары курулган. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ал жерлерге Ташкентке эавкуацияланган адамдар жайгаштырылган.

Тарыхый мурастарды коргоо боюнча немис адиси Йенс Йордан Gazeta.uz басылмасына берген интервьюсунда андагы айрым курулуш элементтери совет доорунун архитектуралык эстеликтеринин тизмесине киргизилгенин билдирди.

Ошол эле маалда тургундардын көңүлүн 2016-жылы сентябрда катталган «Muhandis-Konsulting» компаниясынын уставдык капиталы 6 миллион гана сумду (700 долларга жакын) түзө тургандыгы бурууда. Мындан тышкары анын негизги ишмердүүлүгүнүн багыты катары «темирден жасалган буюмдарды, боёлгон жана лакталган материалдарды, айнектерди сатуу» көрсөтүлгөн.

Былтыр декабрдын аягында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов жакында Ташкенттеги бардык эски үйлөр түрттүрүлүп, алардын ордуна көп кабатуу жаңы үйлөр курула турганын билдирген.

Бөлүшүү