Ысык-Ата районунда жол кырсыгынын кесепетинен жеӊил унаа өрттөнүп кетти

Автор -

Ысык-Ата районунда жол кырсыгынын кесепетинен жеӊил унаа өрттөнүп кетти.

Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы Ленин жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц жана ХОВА оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан.

«Өрттүн келип чыгуу себеби автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү